Токтоосуз таратылышы үчүн
23-декабрь, 2011-жыл
(English, Русский)
Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү эки Жахабанын Күбөсүнө каршы козголгон кылмыш ишин кыскартып, аларды камактан бошотушту
КАДАМЖАЙ, Кыргызстан. 2011-жылдын 14-декабрында Кадамжай районунун тергөө бөлүмүнүн башчысы менен райондун прокурору эки Жахабанын Күбөсүнө, 18 жаштагы Камбаров Искандар менен 22 жаштагы Носиров Жонибекке, каршы козголгон кылмыш ишин кыскартышты. Бир нече жума мурун убактылуу камоо жайында тогуз ай жаткан бул эки жигит камактан бошотулду.
2011-жылдын 29-январында Искандар менен Жонибек тыюу салынган ислам кыймылынын экстремисттик уюмуна таандык эки DVD дискти сакташкан деген жалган айып менен камакка алынышкан. Кадамжай райондук сотунун 2011-жылдын 18-майында чыгарган өкүмүнө ылайык, бул эки жигит жети жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2011-жылдын 22-июнунда Баткен облустук соту (апелляциялык инстанция) бул кылмыш ишин тергөөдө бир топ олуттуу каталар жасалгандыгын белгилеп, биринчи инстанциянын өкүмүн бузган. Апелляциялык сот жаңы тергөө жүргүзүлүшү керек деген жыйынтык чыгарган, бирок жергиликтүү прокурор чечимге макул болбой, Жогорку сотко сунуш менен кайрылган. 2011-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы апелляциялык соттун өкүмүн колдоп, жергиликтүү прокурордун сунушун кайтарып алган.
Кадамжай районунун тергөө бөлүмүнүн башчысы кылмыш ишин кыскартуу жөнүндөгү токтомдо балдарды айыптоого эч кандай негиз жок экенин айтып өткөн. Андан сырткары, ал, эки жигит Жахабанын Күбөсү болгондуктан, алардын тыюу салынган исламисттик уюм менен эч кандай байланышы жок экенин, бул эки дин «бири бирине дал келбеген өзгөчө айырмачылыктары бар» «эки башка» дин экенин баса белгилеген.
Ишке катышкан юрист Качиев Нурлан: «Искандар менен Жонибек бул чоң сыноонун артта калганына жана өздөрү акыр-аягы бошотулушканына абдан кубанып жатышат»,— деди. Качиев: «Балдар Кадамжай районунун тергөө бөлүмүнүн башчысы менен прокуроруна фактылар менен мыйзамга негизделген объективдүү токтом кабыл алышканы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдиришти. Алар Кыргызстандагы жогорку бийлик башындагыларга да өздөрүнүн тынчсыздануусун билдирип, бул ишке чындап кызыгышканы үчүн ыраазы»,— деп кошумчалады.
Байланыш телефондору:
Кыргызстанда: Искаков Хамит, тел.:+996 778 037 503
Белгияда: Жахабанын Күбөлөрүнүн Европа Ассоциациясы, тел.: +32 2 782 0015
АКШда: Браун Ж. Р., тел.: +1 718 560 5600
